# 81-берене. Мамлекеттик токой фондуна кирбеген тигилген дарактарды коргоо, сактоо жана иш-аракеттери токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү уюмдардын жана жарандардын милдеттери

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 81-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-81

---

Мамлекеттик токой фондуна кирбеген тигилген дарактарды коргоону жана сактоону алар өскөн жерлердин менчик ээлери жана ал жерлерди пайдалануучулар, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар камсыз кылат. Токойлордун абалына жана жаңыртылып өстүрүлүшүнө иш-аракеттери таасир этүүчү уюмдар жана жарандар, токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдарга тигилген дарактарды коргоонун жана сактоонун абалы жөнүндө үзгүлтүксүз кабарлап турууга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар жана жаратылышты коргоо органдары менен макулдашып, токойлорду коргоого жана сактоого багытталган технологиялык, санитардык жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү болушат. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-82)
