# 80-берене. Токойлорду зыянкечтерден, илдеттерден жана башка терс факторлордон сактоо

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 80-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-80

---

Токойлорду сактоо алардын табигый өзгөчөлүктөрүн, максаттуу багытын эске алуу менен жүзөгө ашырылат жана токойлордун туруктуулугун жогорулатууга, токойлорду жок кылуудан, бузулуудан, начарлоодон, булгануудан келүүчү зыянды болтурбоого, токой зыянкечтеринен жана илдеттеринен, табигый жана антропогендик мүнөздөгү башка зыяндуу таасирлерден токой чарбачылыгындагы жоготууларды азайтууга багытталган иш-чаралардын тутумун билдирет. Токойлорду сактоо өзүнө төмөнкүдөй иш-чараларды камтыйт:

- токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден сактоо боюнча профилактикалык иш-чараларды долбоорлоо жана жүргүзүү;

- санитардык-ден соолукту чыңдоочу иш-чаралар;

- токойдун зыянкечтеринин, илдеттеринин очокторунда жок кылуу иш-чараларын долбоорлоо жана жүзөгө ашыруу;

- токой патологиясына мониторинг жүргүзүү;

- атайын экспедициялык токой патологиясын изилдөөлөр;

- токойду сактоо боюнча ченемдик талаптардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.

Токойлорду сактоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-81)
