# 79-берене. Токойлорду токой укуктарын бузуулардан коргоо

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 79-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-79

---

Жеке жана юридикалык жактар укук бузуулардын төмөнкү түрлөрүн жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш:

- токойду пайдаланууда, ошондой эле токойду пайдалануу менен байланышпаган иштерди жүргүзүүдө белгиленген тартиптердин жана эрежелердин бузулушун;

- дарактарды жана бадалдарды, токой өсүмдүктөрүн, дарактардын жаңы өнүмдөрүнүн жана жаш дарактардын мыйзамсыз кыйылышын, жок кылынышын жана зыян келтирилишин;

- токойду химиялык жана радиоактивдүү заттар, өндүрүштүк калдыктар жана булганыч суулар, өнөр жайлык жана коммуналдык-тиричиликтик ыш-түтүн, калдыктар жана чириндилер менен булганышын;

- мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануунун белгиленген тартибинин бузулушун;

- токой күтүүнүн жана токой чарбачылыгынын чектөөчү белгилерине зыян келтирүүнүн жана алардын жок кылынышын;

- пайдалуу фаунанын жок кылынышын жана башка токой укуктарынын бузулушунун алдын алуу, ачуу жана токтотуу жүктөлөт;

"- жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты коргоо режиминин талаптарынын бузулушун;

- өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушун;

- токойлорду калыбына келтирүү жана жакшыртуу эрежелеринин бузулушун;

- токойду калыбына келтирүү эрежелеринин бузулушун;

- токойду өрттөө жолу менен же болбосо отко же башка жогорку коркунучтагы булакка текебердик, этиятсыздык менен мамиле кылуунун натыйжасында жок кылуунун же зыянга учуратуунун;

- санитардык эрежелерди бузуунун алдын алуу, ачуу жана токтотуу жүктөлөт.

Мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органдары токойду токой укуктарынын бузулушунан сактоо иш-чараларын жүзөгө ашырууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жардамы менен камсыз кылышат. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-80)
