# 78-берене. Мамлекеттик токой фондун токой өрттөрүнөн сактоо

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400); 23.03.2021 [Закон КР от 23 марта 2021 года № 40 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112199)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 78-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-78

---

Мамлекеттик токой фондунда, мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери тарабынан жарандар менен юридикалык жактардын өрт коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын сактоосуна көзөмөлдүк жүргүзүү максатында, ошондой эле аларды бузууга бөгөт коюу максатында мамлекеттик өрт көзөмөлү ишке ашырылат. Мамлекеттик токой фондусунун участокторунда жана мамлекеттик токой фондусуна чектеш жерлерде жумуш жүргүзгөн токойду пайдалануучулар жана башка жарандар менен юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик токой фондусуна жана мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлордо маданий-массалык жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн жооптуу адамдар өрт коопсуздугунун талаптарын жана эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, мүлктүк жана башка жоопкерчиликке тартылышат. Профилактикалык жана өрткө каршы иш-чаралар мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте ишке ашырылат. Мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери өрттү өчүрүү убагында транспорт каражаттарынын, байланыштын бардык түрлөрүнөн акысыз пайдаланууга, ошондой эле жергиликтүү калкты өрт өчүрүүгө тартууга укуктуу. Мамлекеттик токой фондусун өрттөн сактоонун милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар өрт коркунучу туулган мезгилде аба ырайынын суткалык, айлык жана мезгилдик прогноздору, токой фондусундагы өрт коркунучунун прогноздору менен акысы.з камсыз кылынат. Мамлекеттик мамлекеттик токой фондусун жана мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлорду өрттөн коргоо, зыянкечтерден жана токой илдеттеринен сактоо үчүн авиациялык коргоо пайдаланылышы мүмкүн. Мамлекеттик токой фондунун авиациялык коргоо зоналары жана аны жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 40, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздук Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 18-февралындагы № 1 буйругу менен бекитилген)

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-79)
