# 67-берене. Жарандардын токойдо болуусу

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 67-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-67

---

Жарандар маданий-ден соолукту чыңдоо, токойдо жапайы өскөн мөмө-жемиштерди, жаңгактарды, козу карындарды жана башка тамак-аш ресурстарын белгиленген тартипте өздөрү үчүн жыйноо максаттарында пайдалануу менен мамлекеттик токой фондунда (коомдук сервитут) эркин жүрүүгө укуктуу. Жарандардын токойдо болуусунун тартиби, токойдун тамак-аш, дары-дармек, техникалык өнүмдөрүн жыйноо боюнча чектөөлөр, ошондой эле өрт чыгуу коркунучу мезгилинде жарандардын токойлордо болуусунун мөөнөттөрүн аныктоо мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдар тарабынан белгиленет. Жарандар токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого, дарактардын жана бадалдардын сынып, кыйылышына, токой өсүмдүктөрүнүн зыянга учурашына, токойлордун булганышына, кумурска уюктарынын, канаттуулардын уяларынын бузулушуна жол бербөөгө, жапайы өскөн тамак-аш ресурстарын жыйноону алардын кайра өсүшүнө зыян келтирбей турган мөөнөттө жана ыкмалар менен жүргүзүүгө милдеттүү. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-68)
