Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
67-берене. Жарандардын токойдо болуусу
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · 13-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35
Жарандар маданий-ден соолукту чыңдоо, токойдо жапайы өскөн мөмө-жемиштерди, жаңгактарды, козу карындарды жана башка тамак-аш ресурстарын белгиленген тартипте өздөрү үчүн жыйноо максаттарында пайдалануу менен мамлекеттик токой фондунда (коомдук сервитут) эркин жүрүүгө укуктуу. Жарандардын токойдо болуусунун тартиби, токойдун тамак-аш, дары-дармек, техникалык өнүмдөрүн жыйноо боюнча чектөөлөр, ошондой эле өрт чыгуу коркунучу мезгилинде жарандардын токойлордо болуусунун мөөнөттөрүн аныктоо мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдар тарабынан белгиленет. Жарандар токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого, дарактардын жана бадалдардын сынып, кыйылышына, токой өсүмдүктөрүнүн зыянга учурашына, токойлордун булганышына, кумурска уюктарынын, канаттуулардын уяларынын бузулушуна жол бербөөгө, жапайы өскөн тамак-аш ресурстарын жыйноону алардын кайра өсүшүнө зыян келтирбей турган мөөнөттө жана ыкмалар менен жүргүзүүгө милдеттүү. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Жарандардын токойдо болуусу
Жарандар маданий - ден соолукту чыңдоо, токойдо жапайы өскөн мөмө - жемиштерди, жаңгактарды, козу карындарды жана башка тамак - аш ресурстарын белгиленген тартипте өздөрү үчүн жыйноо максаттарында пайдалануу менен токой фондусунда (коомдук сервитут) эркин жүрүүгө укуктуу.
Жарандардын токойдо болуусунун тартиби, токойдун тамак - аш, дары - дармек, техникалык өнүмдөрүн жыйноо боюнча чектөөлөр, ошондой эле өрт чыгуу коркунучу мезгилинде жарандардын токойлордо болуусунун мөөнөттөрүн аныктоо токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык, областтык жана областтар аралык мамлекеттик органдар тарабынан белгиленет.
Жарандар токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого, дарактардын жана бадалдардын сынып, кыйылышына, токой өсүмдүктөрүнүн зыянга учурашына, токойлордун булганышына, кумурска уюктарынын, канаттуулардын уяларынын бузулушуна жол бербөөгө, жапайы өскөн тамак -аш ресурстарын жыйноону алардын кайра өсүшүнө зыян келтирбей турган мөөнөттө жана ыкмалер менен жүргүзүүгө милдеттүү.
14-Глава
Чек арадагы жана шаардагы токойлордо токойду пайдалануу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/10/st-67" title="67-берене - Токой кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>