# 60-берене. Кыюунун жетилиши жана кайталануусу

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 60-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-60

---

Токойду кыюунун жетилиши жана кыюунун кайталануусу токойлордун негизги максаттуу багытталышына жана алардын аткаруучу функциясына, тигилген дарактардын өнүмдүүлүгүнө жана өсүп жаткан дарак түрлөрүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле токою кыйылган жерлерде токойдун калыбына келүү мөөнөттөрүнө жараша аныкталат. Кыюунун жетилиши жана кайталанышын негиздөө токой күтүүдө же атайын илимий изилдөөлөрдө жүргүзүлөт. Кыюунун жетилишин жана кайталанышын белгилөө токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган аныктаган тартипте ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-59)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-63)
