# 53-берене. Токойду пайдалануу укугун каттап бекитүү

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 53-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-53

---

Мамлекеттик мамлекеттик токой фондунун участокторунун жерлеринде токойду пайдаланууну ишке ашырууга ижарага келишиминин негизинде жана атайын уруксат: токой кыюу билети (ордери) же токой билети боюнча жол берилет. Аталган билеттер токой фондусунун участокторунун ээлери тарабынан берилет жана билетте уруксат берилген токойду пайдаланууларды жүргүзүүгө гана укук берет. Токой кыюу билети (ордер) же токой билети ушул Кодекстин 16-статьясында каралган учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн. Билеттер билетте (ордерде), тийиштүү учурларда келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө карабастан бир сезонго берилет. Токой кыюу билетинин (ордеринин) же жалпы таралган пайдалуу кендерди пайдаланууга берилген токой билетинин түрлөрү токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте иштелип чыгат жана бекитилет. Билеттердин жана ордерлердин бланктары так отчеттук документтер болуп саналат жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан даярдалат. Билеттердин, ордерлердин бланктарын эсепке алуу, аларды сактоо, толтуруу жана берүү тартиби токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Мамлекеттик токой фондунун участокторунун участокторунун ээлери токойду пайдаланууну жүргүзгөндө токойду пайдалануу укугун белгиленген тартипте каттап толтурууга милдеттүү. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-54)
