# 49-берене. Мамлекеттик токой фондусунун жерлериндеги пайдалуу кендерди жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 49-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-49

---

Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жана токой чарба мекемеси мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан минералдарды жана жер үстүндө жайгашкан пайдалуу кендердин табигый пайда болгон катуу тоо тектерин өз муктаждыктары үчүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле белгиленген тартипте суу объекттерин пайдаланууга жана жердин башка пайдалуу касиеттерин эксплуатациялоого укуктуу. Көрсөтүлгөн жаратылыш ресурстарын өнөр жайлык иштетүү, ошондой эле аларды коммерциялык максаттарда пайдалануу жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Минералдарды жана жер үстүндө жайгашкан пайдалуу кендердин табигый пайда болгон катуу тоо тектерин жана мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан башка жаратылыш ресурстарын юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусу алар тарабынан белгиленген тартипте алынган токойду пайдалануу укугунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жайгашкан аңчылык ресурстарын пайдалануу "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-50)
