# 48-берене. Токойду пайдалануунун түрлөрү

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2019 [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957); 01.06.2017 [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=1138607..1138608>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 48-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-48

---

Мамлекеттик токой фондусунда токойду пайдалануунун төмөндөгүдөй түрлөрү ишке ашырылышы мүмкүн:

- дыйканчылык, чөп чабуу, мал жаюу, бал челек кармоо, жапайы өскөн тамак-аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык сырьелорду жана башкаларды жыйноо;

- экинчи даражадагы токой ресурстарын (дүмүр, кабык ж.б.) даярдоо;

- токойду илимий-изилдөө, билим берүү, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын объекттерин жана автомобиль транспортунун инфратүзүмүн куруу жана аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу;

- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү) максатында жумуштарды аткаруу;

- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетика орнотмолорун куруу;

- мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан көлмөлөрдө жана башка суу объекттеринде балык чарба чөйрөсүндөгү иштерди жүзөгө ашыруу;

- плантацияларды түзүү;

- жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу;

- белгиленген тартипте токой кыюу жана жыгач даярдоо;

- Кыргыз Республикасында токойду пайдалануунун башка түрлөрү да белгилениши мүмкүн.

Токойлорду пайдалануу мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштыруунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштырууну жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Токойду пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. (КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-49)
