Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
48-берене. Токойду пайдалануунун түрлөрү
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · 9-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2019 года № 107
Мамлекеттик токой фондусунда токойду пайдалануунун төмөндөгүдөй түрлөрү ишке ашырылышы мүмкүн:
- дыйканчылык, чөп чабуу, мал жаюу, бал челек кармоо, жапайы өскөн тамак-аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык сырьелорду жана башкаларды жыйноо;
- экинчи даражадагы токой ресурстарын (дүмүр, кабык ж.б.) даярдоо;
- токойду илимий-изилдөө, билим берүү, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын объекттерин жана автомобиль транспортунун инфратүзүмүн куруу жана аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу;
- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү) максатында жумуштарды аткаруу;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетика орнотмолорун куруу;
- мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан көлмөлөрдө жана башка суу объекттеринде балык чарба чөйрөсүндөгү иштерди жүзөгө ашыруу;
- плантацияларды түзүү;
- жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу;
- белгиленген тартипте токой кыюу жана жыгач даярдоо;
- Кыргыз Республикасында токойду пайдалануунун башка түрлөрү да белгилениши мүмкүн.
Токойлорду пайдалануу мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштыруунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштырууну жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Токойду пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. (КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Токойду пайдалануунун түрлөрү
Мамлекеттик токой фондусунда токойду пайдалануунун төмөндөгүдөй түрлөрү ишке ашырылышы мүмкүн:
- дыйканчылык, чөп чабуу, мал жаюу, бал челек кармоо, жапайы өскөн тамак - аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык сырьелорду жана башкаларды жыйноо;
- экинчи даражадагы токой ресурстарын (дүмүр, кабык ж.б.) даярдоо;
- токойду илим - изилдөө, маданий - ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максатта, ошондой эле аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу;
- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү) максатында жумуштарды аткаруу;
- белгиленген тартипте токой кыюу жана жыгач даярдоо;
- Кыргыз Республикасында токойду пайдалануунун башка түрлөрү да белгилениши мүмкүн.
Токойду пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасьшын мыйзамдарына ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой коргоо жана токой чарбасы мамлкеттик агентигинин 2018-жылдын 18-февралындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой коргоо жөнүндө…Приказ · 18.02.2019 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2018 · № 192
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2 сентябрындагы № 390-б (Түркмѳнстандын Өнѳр жайчылар жана ишкерлер союзуна Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык…Распоряжение · 02.09.2016 · № 390-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы № 104 "Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 06.03.2019 · № 104
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 токтомуПостановление · 10.04.2018 · № 192
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/10/st-48" title="48-берене - Токой кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>