# 44-берене. Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишиминин шарттары

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 44-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-44

---

Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишиминде төмөндөгүдөй шарттар көрсөтүлөт:

- ижарачынын акы төлөө жөндөмдүүлүгү;

- мамлекеттик токой фондунун участогунун чек арасы;

- токойду пайдалануунун түрлөрү;

- токойду пайдалануунун көлөмү;

- ижара мөөнөтү;

- ижара акысынын өлчөмү жана аны төлөп берүү тартиби;

- Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын токойлорду коргоо, сактоо жаңыртып өстүрүү маселелерине байланышкан талаптарын аткаруу боюнча тараптардын милдеттери;

- жаратылышты коргоо чараларын жүргүзүү боюнча тараптардын милдеттери;

- токой мыйзамдарында каралган же тараптар тарабынан аныкталган башка шарттар.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-45)
