# 42-берене. Мамлекеттик токой фондунун участокторун ижаралоо

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 42-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-42

---

Мамлекеттик токой фондунун участоктору ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган токой ресурстарын жаңыртып өстүрүүнү, токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн ижара шарттарында пайдаланууга берилет. Мамлекеттик токой фондунун участогу ижарага бир же бир нече ижарачыга берилиши мүмкүн. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ижарага берүүчү болуп мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган саналат. Мамлекеттик токой фондунун жер участокторун ижаралоодогу укуктук мамилелер ушул Кодекс, жер жана жарандык мыйзамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик токой фондун пайдалануунун жана тескөөнүн тартиби менен жөнгө салынат. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-43)
