# 40-берене. Мамлекеттик токой фондунун участогун пайдалануучулардын укуктарын коргоо

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 40-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-40

---

Токойду пайдалануучулар токой мыйзамдарын жана токойду пайдалануунун белгиленген тартиптерин бузган учурлардан бөлөктө, мамлекеттик токой фондунун участогун пайдалануучулардын иш-аракеттерине мамлекеттик, коомдук (көзөмөл жүргүзүүчүлөрдөн башка) органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Токой пайдалануучулардын укуктары мыйзам менен корголот жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарында каралган учурларда гана чектелиши мүмкүн. Бузулган укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте калыбына келтирилүүгө тийиш. Мамлекеттик токой фондунун участогун пайдалануучулардын укуктарын бузуу менен келтирилген чыгымдардын орду толук көлөмдө толтурулуп берилет. Чыгымдарды ордун толтуруу боюнча талаш-тартыштарды сот карайт. (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-41)
