# 371-берене. Токой чарба мекемесинин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 371-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-371

---

Токой чарба мекемелери төмөнкүлөргө укуктуу:

- токойду пайдаланууну жана аны менен байланышкан башка чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга;

- жолдордун, токой кампаларынын, өрткө каршы жана химиялык станциялардын, турак жай курулуштарын жана чарбалык курулуштарды, даярдалган чийки заттарды сактоо жана баштапкы кайра иштетүү үчүн курулмаларды жана токой чарбасын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка объекттерди курууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга.

Токой чарба мекемелери төмөнкүлөргө милдеттүү:

- илимий жактан негизделген ченемдердин чегинде токойдун жыгач жана башка өсүмдүк ресурстарын жана анын пайдалуу жаратылыш касиеттерин белгиленген тартипте пайдаланууга;

- чарбалык иштерди токойдун чөйрө түзүүчү жана коргоочу функцияларынын сакталышын, ошондой эле дарактарды калыбына келтирүү, дары-дармек, тамак-аш жана техникалык сырьёну жыйноо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу ыкмалар менен жүргүзүүгө, токойлорду кайтаруу жана коргоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча ушул Кодексте каралган, ошондой эле токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген талаптарды аткарууга.

Токой чарба мекемесинин укуктары жана милдеттери токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен жобо менен аныкталат. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-37)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-38)
