# 37-берене. Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 37-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-37

---

Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары:

- токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү келечектеги жана учурдагы пландандоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана аларды токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органга киргизүүгө;

- токойду пайдалануу жана аны менен байланышкан башка максаттар үчүн мамлекеттик токой фондунун участокторун уюмдарга жана жарандарга натуралай бөлүп берүүгө, токой кыюу билеттерин (ордерлерди) же токой билеттерин берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга;

- ижара келишимдерин түзүүгө;

- экологиялык туризмди уюштуруу менен алектенүүгө;

Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган токойлордун жаңыртып өстүрүлүшүн, кайтарылышын, корголушун жана алардын экологиялык жана санитардык абалынын жакшыртылышын, аны багууну, токойлордун өнүмдүүлүгүн жана токой жер кыртышынын асылдуулугун жогорулатууну, токойду пайдаланууну уюштурууну, токойлорду эсепке алууну камсыз кылууга жана токой чарбачылыгын жүргүзүү боюнча башка милдеттерди аткарууга милдеттүү. Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары менен милдеттери токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-36)  
Кийинки берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-371)
