# 35-берене. Токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү объекттерди жайгаштыруу

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 35-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-35

---

Жаңы жана реконструкциялануучу ишканаларды, курулуштарды жана башка объекттерди изилдөөдө, долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууда берүүдө, ошондой эле токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү жаны технологиялык процесстерди колдонууда, токойлорду булганыч агын суулардын, химиялык заттардын, өнөр жайлык жана коммуналдык-турмуш тиричиликтик абага чыгаруулардын, калдыктардын зыяндуу таасиринен жана башка зыяндуу таасирден коргоону камсыз кылуучу иш-чаралар каралат жана жүзөгө ашырылат. Токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү ишканалар, курулуштар жана башка объекттер курулчу жерлерди аныктоо мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын, атайын укук берилген башка мамлекеттик органдардын оң корутундуларынын негизинде колдонуудагы мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. Экотутумдун абалына жана токойлорду жаңыртып өстүрүүгө зыяндуу таасирлерди болтурбоочу түзүлмөлөр менен камсыз кылынбаган жаңы жана кайра конструкцияланган объекттерди пайдаланууга берүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-36)
