# 34-берене. Мамлекеттик же коомдук муктаждык үчүн мамлекеттик токой фондунан жер участокторун алууда токойду пайдалануу тартиби

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 34-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-34

---

Мамлекеттин же коомдун муктаждыгы үчүн, токой баскан жер участокторун алып коюу менен бир эле убакта токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын сунушунун негизинде, токой чарбачылыгын сактап калуу же кыюу жана алынган жыгачты пайдалануу тартиби жөнүндөгү маселе чечилет. Мамлекеттик токой фондунан алынып коюлган жерлердеги токой дарактарын сактап калуу жөнүндө чечими кабыл алынганда, токойдун бул участокторуна Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарына ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленген токойду пайдалануу тартиби жайылтылат. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-35)
