# 33-берене. Мамлекеттик токой фондундагы токойлуу жана токойсуз жерлерди которуу

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 33-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-33

---

(Берененин аталышы КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Токой жерлерин токой чарбачылыгын жүргүзүү менен байланышпаган максаттарда пайдалануу үчүн токойсуз жерлерге которуу өзгөчө учурларда жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын корутундулары болгондо гана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт. Токойлуу жерлерди токойсуз жерлерге өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Мамлекеттик токой фондунун токойсуз жерлерин токойлуу жерлерге которуу токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын чечими боюнча токой жайгаштырууда жүзөгө ашырылат. Токойсуз жерлерди токойлуу жерлерге которуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-34)
