# 31-берене. Токой чарбачылыгын токойлордун корголуу категориялары боюнча жүргүзүү режими

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 31-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-31

---

Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө, эсепке алынууга жана корголууга тийиш. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, улуттук жаратылыш парктарынын корук режиминдеги зоналарынын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын башка категориялардагы өзөк зоналарынын токойлорунда, токойду илимий-изилдөө максаттарында пайдаланууну кошпогондо, токойду кыюунун бардык түрлөрүнө жана токойду пайдаланууга тыюу салынат. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө жана эсепке алынууга, корголууга жана сакталууга, жаңыртып өстүрүлүүгө, токойду пайдаланууга, токой ресурстарынын пайдаланылышы контролго алынууга тийиш. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын токойлорунда токойду калыбына келтирүүчү кыюуларга жана реконструкциялык кыюуларга тыюу салынат, токойду пайдалануу функционалдык зоналаштыруу режимдерине ылайык жүзөгө ашырылат. Илимий мааниси бар токойлордо токой чарбачылыгын жүргүзүү режими бул токойлор карамагында турган илимий мекеменин илимий изилдөөлөрүнүн максаттарына жана милдеттерине жараша белгиленет. Өзгөчө баалуу токой массивдеринин токойлорунда токойду калыбына келтирүүчү кыюуларга жана реконструкциялык кыюуларга тыюу салынат. Санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңдоочу функцияларды аткаруучу токойлордо, коргоочу токойлордо, сууну коргоочу зоналарда жайгашкан токойлордо токойлордун абалын жана алардын функционалдык маанисин жакшыртууга багытталган кыюулардын бардык түрлөрү жүргүзүлүшү мүмкүн. Бардык корголуу категорияларындагы токойлордо мал жаюуга тыюу салынат. Токойду пайдалануу режими токойлордун корголуу категорияларына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [301-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-301)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-32)
