# 271-берене. Жарандардын жана коомдук уюмдардын (бирикмелердин) укуктары

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 271-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-271

---

Жарандар жана коомдук уюмдар (бирикмелер) токойлорду сарамжалдуу пайдаланууну, кайтарууну, коргоону жана жаңыртып өстүрүүнү камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди чечүүгө катышууга укуктуу. Калктын токойлордун абалы жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат. Коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес башка уюмдар токойлорго аяр мамиле жасоонун, биологиялык ар түрдүүлүктү, табигый экологиялык тутумдарды сактоонун, типтүү жана сейрек кездешүүчү жаратылыш ландшафттарын, биотопторду, токой чарба белгилерин сактоонун зарылдыгы жөнүндө жарандардын маданиятынын жана укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзө алышат. Жарандар, коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес башка уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга, токой чарбачылыгын жүргүзгөн адамдарга токойлорду пайдалануу, кайтаруу, коргоо, жана жаңыртып өстүрүү жаатында токой чарбачылыгын жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт, токойлорду талаптагыдай санитардык абалга келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле токойдогу өрттүн алдын алууга, табууга жана өчүрүүгө катышат. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-27)  
Кийинки берене: [272-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-272)
