# 27-берене. Мамлекеттик токой фондунун абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртып өстүрүлүшүнө, пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400); 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205265)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 27-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-27

---

Токой фондусунун абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртып өстүрүлүшүнө, токой ресурстарынын пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында ишке ашырылат. Көрсөтүлгөн көзөмөлдү ишке ашырууну, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргелештикте токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктары бар башка мамлекеттик органдары камсыз кылышат. Токойлордун абалына, жаңыртып өстүрүлүшүнө жана сакталышына, токой фондусунун пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-26)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-271)
