# 26-берене. Токой чарба мекемеси

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 26-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-26

---

Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде токой чарбачылыгын жүргүзүү токой чарба мекемеси тарабынан жүзөгө ашырылат. Токой чарба мекемесинин уюштуруу-укуктук формасы, укуктук статусу жана иши жөнүндө жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Токой чарба мекемеси жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

- токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо: токой үрөн участокторун түзүү, токой үрөндөрүн даярдоо жана кайра иштетүү, көчөт материалдарын өстүрүү, токой өсүмдүктөрүн түзүү, анын ичинде агротехникалык камкордуктар жана табигый жаңылануусуна көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралар;

- плантацияларды түзүү;

- токойду багуу, анын ичинде ушул Кодекс менен белгиленген токойлорду кыюу;

- өрткө каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруу: минералдаштырылган жана өрткө каршы ажырым тилкелерди түзүү;

- зыянкечтердин жана илдеттердин массалык көбөйүшүнүн алдын алуу боюнча, алар менен күрөшүү боюнча токойду коргоо иш-чараларын ишке ашыруу.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-27)
