# 25-берене. Мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органы

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 25-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-25

---

Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт жана токойду башкаруу боюнча алар тарабынан чечилүүчү милдеттерге ылайык төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:

- токойду өрттөн (токойдогу өрттү аныктоо кызматын уюштуруу жана координациялоо, калк арасында түшүндүрүү-үгүттөө иштери, токойдогу өрттү өчүрүүнү уюштуруу), мыйзамсыз кыюулардан, жерлерди мыйзамсыз басып алуудан, мамлекеттик токой фондунун жерлеринде уруксатсыз курулуштардан жана башка токой эрежелерин бузуулардан кайтаруу;

- токойду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо (токой патологиясын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү, токойлордо санитардык эрежелердин сакталышын камсыз кылуу);

- ижарага алуу жана пайдалануу укугуна конкурстарды, токойду пайдалануучулар менен ижара мамилелерин, жыгачтарды берүүнү, токойду пайдалануучуларды контролдоону жана токойду пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн түшүүсүн уюштуруудан турган токойду пайдаланууну жөнгө салуу;

- токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө мониторинг жүргүзүү.

Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган токойлорду коргоо, сактоо, абалына мониторинг жүргүзүү маселелерин токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жөнүндө жобого ылайык чечет. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-26)
