# 22-берене. Токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруунун негизги принциптери

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400); 11.03.2013 [Закон КР от 11 марта 2013 года № 38 "О внесении дополнений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203845)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 22-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-22

---

Токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруу төмөндөгүдөй принциптерге негизделет:

- токой чарбачылыгында бирдиктүү илимий-техникалык саясатты ишке ашыруу;

- токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү улуттук жана регионалдык деңгээлдерде пландаштыруу;

- токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын киргизүү;

- токойлорду натыйжалуу коргоо жана сактоо;

- биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо;

- токой фондусунун жерлеринин токойлуулугун үзгүлтүксүз көбөйтүү;

- мамлекеттик токой фондунун арыктаган (деградацияланган) жерлерин калыбына келтирүү;

- токой фондусун Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарында сарамжалдуу жана жок болбогондой пайдалануу;

- курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалын жакшыртуу;

- биомассаны, токойду жана башка жердеги экотутумду кошуп алганда, Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган бардык парник газдарын сиңирип алуучуларды жана топтогучтарды сарамжалдуу пайдалануу;

- климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу;

- токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн жаңы формаларын туруктуу өнүктүрүү.

(КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 38, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-23)
