# 20-берене. Райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 20-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-20

---

Райондун (шаардын) администрациялык чек арасынын ичинде райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялардын карамагына:

- (абзац КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик токой фондунун жер участокторун ижаралоо келишимдерин каттоо;

- токой чарбачылыгынын маселелери боюнча статистикалык отчет жүргүзүү;

- токой ресурстарынын абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө жана пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштурууга катышуу;

- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын сунушу боюнча токой мыйзамдарын, экологиялык жана санитардык эрежелерди бузган учурларда, уюмдар менен жарандардын чарбалык аракеттерин, ошондой эле объекттердин курулушун токтото туруу;

- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын корутундусу боюнча - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик токой фондунун жерлеринен чөп чабык жана жайыт жерлерди райондогу жерди пайдалануучулардын ортосунда бөлүштүрүү;

- токой чарбачылыгын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектеги пландарын иштеп чыгууга катышуу;

- токой чарбачылыгынын салынып бүткөн объекттерин кабыл алууга катышуу кирет;

- мамлекеттик токой фондунун жерлерин тескөөдө жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары аткарылышын камсыз кылуу.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-21)
