# 13-статья. Мамлекеттик токой фондусун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдалануу

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 13-статья (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-13

---

Мамлекеттик токой фондунун участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдалануу мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органга берилет. Мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды эске алуу менен мамлекеттик токой фондунун участоктору мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган тарабынан маданий-ден соолукту чыңдоо жана туристтик максаттар, илимий-изилдөө, жаратылышты коргоо жана башка иштер үчүн тиешелүү уюмдарга (менчигинин түрүнө карабастан) ижара шартында пайдаланууга берилиши мүмкүн. Мамлекеттик токой фондунун участокторун мамлекеттик токой фондунун жерлеринин курамынан мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик токой фондунун участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык берилүүчү мамлекеттик акт менен күбөлөндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-14)
