# 11-берене. Мамлекеттик токой фондусуна карата менчиктик укук

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400); 01.04.2022 [Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112359); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 11-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-11

---

Кыргыз Республикасынын токой фондусу жер мунапысынын объекттерин кошпогондо, мамлекеттин гана менчигинде болот. Кыргыз Республикасында мамлекеттик токой фондусун менчиктөө укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары белгилеген компетенциянын чегинде ишке ашырышат. Кыргыз Республикасынын токой фондусуна карата мамлекеттин менчиктөө укугун тике же кыйыр түрдө бузуучу бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп табылып, тийиштүү укуктук натыйжаларга алып келет. Токой фондусунун жер мунапыс объекттерине туура келген жерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулган (трансформацияланган) деп эсептелет. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 132, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 , 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-12)
