Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр, аныктамалар
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · 1-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35
Токой - Жер бетинин өсүмдүк катмарынын негизги түрлөрүнүн бири, ал дарактардын, бадалдардын, чөптөрдүн жана башка өсүмдүктөрдүн жыйындысынан турат, өзүнүн өнүгүүсүндө биологиялык жактан байланышкан жана бири-бирине, тышкы чөйрөгө таасир эткен жаныбарларды жана микроорганизмдерди камтыйт. Токой кыртышы - токой жыйындысынын ажырагыс бөлүгү. Токой - биосферанын курамдык жана эң маанилүү бөлүгү, географиялык ландшафттын элементи. Ага дарыялардын гидрологиялык режимин камсыз кылууда, жер кыртышынын эрозиясынын жана дефляциясынын алдын алууда, ысык шамалдар менен күрөшүүдө эбегейсиз роль таандык. Токой - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде өсүүчү, минималдуу аянты 0,2 гектар, минималдуу кеңдиги 25 метр болгон, шактарынын минималдуу жыштыгы 10%, дарактарынын минималдуу бийиктиги 1,9 метр (бадалдардыкы - 0,5 метр) болгон дарак-бадал өсүмдүктөрү. Токой экосистемалары - өзүнүн өнүгүүсүндө биологиялык жактан байланышкан жана бири-бирине, тышкы чөйрөгө таасир эткен жаныбарларды жана микроорганизмдерди камтыган, жер участокторунун, дарак, бадал, чөптөрдүн жана башка өсүмдүктөрдүн жыйындысы. Карагай кыюу билети - токой пайдалануучунун жыгач (токой кыюуга), экинчи даражадагы токой материалдарын даярдоого болгон укугун күбөлөндүрүүчү документ. Биоценоз - кургактыктын же көлмөлөрдүн белгилүү бир, салыштырмалуу бирдей участокторунда жайланышкан жана өз ара белгилүү мамилелер жана чөйрөнүн абиотикалык (биологиялык эмес) факторлору менен мүнөздөлгөн өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана микроорганизмдердин биримдиги. Кыюунун жетилүү курагы - токойдун максаттуу арналышына ылайык, өсүп жетилген дарактардын кыюу үчүн белгиленген куракка жетиши. Кыйылган жерлер - дарактары кыйылып алынган, ал эми жаш дарактары токойго айлана элек токой аянттары. Токойду жаңыртып өстүрүү - токой өнүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн үзгүлтүксүз жаңыртып туруу, өндүрүү процессине багытталган иш-чаралардын комплекси."; Калктуу конуштардагы токойлор - калктуу конуштардын чектеринин ичинде өскөн токойлор. (Абзац КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Ишке жарактуу жыгачтар - эл чарбасынын жана калктын муктаждыгы үчүн жыгачтардан иштелип чыгуучу, токой материалдарынын кеңири тобу. Токойду сактоо - токойду зыянкечтерден, илдеттерден жана башка жагымсыз факторлордон сактоо чараларынын жыйындысы. Заказник - илимий, маданий же чарбалык жактан баалуу жаратылыш комплексин сактоо жана калыбына келтирүү максатында, жаратылышты пайдаланууда жана адамдын башка иш-аракеттерине чек коюлган, белгиленген тартипте бөлүнүп берилген жер участоктору. Токой мүлкүн каттоо - бак-дарактардын жана токойдун айрым участокторун тизмелөө жана картага түшүрүү боюнча иштердин комплекси. Бадал - кыртыштын үстүндө жайыла бутактаган жана жетилген абалында да башкы сөңгөгү болбогон, көп жылдык жыгач өсүмдүгү. Токой күтүү - токойду коргоого, сактоого, жаңыртып өстүрүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн маданиятын жогорулатууга багытталган чаралардын тутумун иштеп чыгууну камсыз кылган токой чарбалык ишинин адистештирилген түрү. Дары өсүмдүктөрү - адамдар менен жаныбарлардын оорусун профилактикалоо жана дарылоо үчүн пайдаланылуучу өсүмдүктөр. Токой чарбачылыгы - иш милдеттерине: токойлорду изилдөө жана эсепке алуу, аларды коргоо, сактоо жана жаңыртып өстүрүү, токойду пайдалууну жөнгө салуу, токой ресурстарынын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү кирген материалдык өндүрүш тармагы. (Абзац КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Токойду калыбына келтирүү - мурда токой менен капталган аянттарда токой өсүмдүктөрүн өстүрүү. Токойду калыбына келтирүү үчүн кыюу - токой чөйрөсүн, дарактардын абалын, токойдун суу сактоочу, коргоочу жана башка касиеттерин жакшыртуу үчүн, жетилген даракты өз убагында жана сарамжал пайдалануу үчүн жетилген жана ашыкча жетилген бак-дарактарда жүргүзүлгөн башкы пайдалануу үчүн кыюу. Токой питомниги - токой көчөттөрүн өстүрүүчү питомник. (Абзац КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Токойчулук - мамлекеттик токой фондун башкаруучу тиешелүү аймактык органдын курамына кирүүчү баштапкы аймактык бөлүм. Токой таксалары - дүмүр акы, түп акы - токой ресурстарынын ар кандай түрлөрүнөн пайдалануу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген, ал ресурстарды коргоо жана жаңыртып өстүрүүнүн чыгымдарын камсыз кылуучу акы. Токой кадастры - токойлорду сарамжалдуу пайдалануу, аларды коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү, токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү пландоо жана мамлекеттик токой фондун жайгаштыруу үчүн мамлекеттик бирдиктүү тутум боюнча мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүчү токойлордун эсебин алуу. Мониторинг - антропогендик таасирлерден улам экотутумдардын өзгөрүүлөрүнө жана абалына туруктуу комплекстүү байкоо жүргүзүүлөрдүн, баалоонун жана прогноздоолордун тутуму. Кыйылбай калуу - кыюулар белгиленген, бирок токой кыюу билетинде көрсөтүлгөн мөөнөттө кыйылбаган дарактар же токой участоктору. Токой чарбачылыгын жамагаттык жүргүзүү - мамлекеттик токой фондунун өзүндө же ага жакын жерде турган жергиликтүү коомчулук тарабынан токой чарбасы ишин (токойду коргоо жана сактоо, токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана токой пайдалануу) пландаштырууну жана ишке ашырууну жүргүзүүсү. (Абзац КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Токойду коргоо - токойлорду өрттөн, мыйзамсыз кыюулардан, токойду пайдалануунун белгиленген тартибин бузуулардан жана мамлекеттик токой фондуна, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорго зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден коргоону камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын тутуму. Токой жайыттары - токой чарбачылыгына зыян келтирбей, жаныбарларды (мал) жаюу үчүн пайдаланылган, мамлекеттик токой фондунун оттуу жерлери. Токойду кошумча пайдалануу - жыгач жана экинчи даражадагы токой материалдарын даярдоодон башка, токойдо жана мамлекеттик токой фондунун токой каптабаган жерлериндеги ар түрдүү пайдалануулар. Токойдогу өрт коркунучунун мезгили - жылдын токой өрттөрү чыгып кетүүсү мүмкүн болгон, календардык бөлүгү. Токойду багуу иретинде кыюу - токойду багып өстүрүү, ал тигилген дарактардын арасынан керексиз бактарды жок кылуу жана башкы түрлөрдүн эң мыкты дарактарынын өсүшүнө жагымдуу шарттар түзүү жолу менен тигилген дарактарды калыптандыруу жана жыгачты өз убагында пайдалануу максатында жүзөгө ашырылат. Токойдун санитардык абалы - токойдун булгануусу, кургап бараткан жана куурап калган дарактардын саны жөнүндөгү маалыматтарды камтыган токойдун мүнөздөмөсү. Санитардык кыюу - токойдун санитардык абалын жакшыртуу максатында айрым илдетке чалдыккан, зыянга учураган жана куурап бараткан дарактарды же бардык дарактарды кыюу. Флора - белгилүү бир географиялык мейкиндикте өскөн, тарыхый калыптанган өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жыйындысы. Фауна - белгилүү бир географиялык мейкиндикте жашаган, жаныбарлардын тарыхый калыптанган жыйындысы. Экинчи даражадагы токой ресурстары - жыгач эмес токой ресурстарына кирген дүмүрлөр, кабыктар, пихта, кызыл карагай жана карагай бутактары, жаңы жылдык балатылар. Мамлекеттик токойду коргоо - токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын уюшулган тутуму аркылуу мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жайгашкан токойлорду мамлекеттик коргоо жана алардын абалын контролдоо. Коргоочу токойлор - ар кандай объекттерди жагымсыз табигый же антропогендик таасирлерден коргоо үчүн пайдаланылуучу мелиоративдик жана чөйрө жаратуучу касиеттери бар токойлор. Токойлордун корголуу категориясы - өскөн жерине жана алардын функционалдык багытына ылайык аларга карата токой чарбачылыгын жүргүзүү тартиби белгиленген мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токой жерлеринин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун классификациясы. Токой өстүрүү - токойлордун чөйрө жаратуучу жана чөйрө сактоочу функцияларын күчөтүү, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртуу максатында мурда өспөгөн жерлерде токой өсүмдүктөрүн түзүү жолу менен токойлорду жасалма өстүрүү. Токой өсүмдүктөрү - токой бак-дарактарынын дарактуу жана бадалдуу түрлөрүн эгүү же отургузуу аркылуу жасалма жол менен түзүлгөн дарактар жана бадалдар. Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлор - мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлуу, токойсуз жерлери жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде турган, экологиялык, социалдык-экономикалык, ландшафттык баалуулугу жогору же биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн баалуулугу бар токойлор. Илимий мааниге ээ токойлор - түрдүк курамы боюнча сейрек кездешүүчү жана узак мөөнөттүү илимий изилдөөлөрдүн объекттери болуп саналган токойлор. Токой пайдалануу - ушул Кодексте каралган чектөөлөрдү кошпогондо, мамлекеттик токой фондунун жерлерин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду пайдалануунун ушул Кодексте уруксат берилген түрлөрү. Токойдун экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрү - жеке жана юридикалык жактар токой ресурстарынан алып жатышкан коомдук жыргалчылыктар жана материалдык пайдалар. Токой ресурстары - жыгачтар, экинчи даражадагы токой ресурстары, жапайы өскөн тамак-аш ресурстары, дары чөптөр жана токойдун жаратылышты коргоо функциялары (суу коргоочу, климатты жөнгө салуучу, эрозияга каршы, кыртыш коргоочу, рекреациялык, ден соолукту чыңдоочу, санитардык-гигиеналык). Токойлорду улуттук инвентаризациялоо - токойлордун абалын, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралардын тутуму. Плантация - коммерциялык максатта же жеке пайдалануу максатында жыгач, мөмө-жемиштерди алуу үчүн дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрү жасалма жол менен отургузулган жер участоктору. Плантациялар 25 градустан тик эңкейиштерде жайгаштырылбайт. Анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо - токой участокторунун жоголгон максаттуу өнүмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө же болгон түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чаралардын комплекси. Өзгөчө баалуу токой массивдери - түрдүк курамы боюнча сейрек кездешүүчү токойлор, аларда ушул Кодексте аныкталган өзгөчө баалуу дарактын түрлөрү башкы түр болуп саналат. Токойлордун классификациясы - токойлорду таксациялык көрсөткүчтөрү боюнча бөлүштүрүү (келип чыгышы, түрү, абалы, өсүп чыккан жери, корголуу категориясы, жашы, курамы ж.б.) - Токойлорду классификациялоо токой жайгаштыруу иштеринин убагында жүргүзүлөт жана токой жайгаштыруу материалдарында көрсөтүлөт. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготуулары - экологиялык функциялардан жана иш жүзүндөгү жыгачтардын наркынан капиталдаштырылган дүң кирешенин суммасы. Токой чарба өндүрүшүнүн чыгашалары - жыгач жана жыгач эмес ресурстардан түшкөн капиталдаштырылган дүң кирешенин суммасы. Агротокойчулук - бадалдарды жана дарактарды айыл чарба өсүмдүктөрү менен айкалыштырып отургузууда алынган артыкчылыктарды пайдаланууга карата комплекстүү мамиле. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап…Постановление · 10.02.2009 · № 97 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 18.02.2020 · № 92 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №447 "«Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө»…Постановление · 27.06.2012 · № 447 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2002 года №435 "О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики»"Постановление · 28.06.2002 · № 435 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 258 “Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 16.05.2016 · № 258 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.02.2024 · № 35
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/10/st-1" title="1-берене - Токой кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>