# 98-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 98-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-98

---

1. Конституция, Конституциянын жаңы редакциясы, ошондой эле ушул

Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен Президент дайындаган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынышы мүмкүн. Референдум өткөрүүдө Конституция, Конституциянын жаңы редакциясы, ошондой эле ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кирги- зүү жөнүндө мыйзам, эгерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо- чулардын жарымынан ашыгы ага катышкан шартта добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет.

2. Ушул Конституциянын үчүнчү-сегизинчи главаларынын жоболоруна

өзгөртүүлөр жана толуктоолор Президенттин, Жогорку Кеңештин сунушу же 300 миң шайлоочунун демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алы- нышы мүмкүн. Ушул Конституцияга Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган өзгөртүү- лөр жана толуктоолор Конституциялык Соттун корутундусу болгондо каралы- шы мүмкүн.

3. Конституциялык Сот ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толук-

тоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен Конституция- лык Сотко келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен корутунду чыгарат. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбооруна Конституциялык Сот тарабынан терс корутунду чыга- рылган учурда мыйзамдын ал долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан анын демил- гечисине кайра кайтарылат. Кабыл алынбай калган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кайтадан кеминде бир жылдан кийин киргизилиши мүмкүн.

4. Жогорку Кеңеш Конституциялык Соттун корутундусун эске алуу ме-

нен ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамды Конституциялык Соттун корутундусу ага келип түшкөн күндөн баш- тап 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорунун тексти Жогорку Кеңеште талкуулоонун жүрүшүндө Конституциялык Соттун корутундусунун негизинде жана анын демилгечисинин расмий макулдугу болгондо өзгөртүлүшү мүмкүн. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда үч айлык тыныгуу менен кеминде эки жолу окуу өткөрүүдөн кийин Жогорку Кеңештин депутат- тарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен көпчүлүгү менен кабыл алы- нат. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн талабы боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга коюлушу мүмкүн.

5. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда Конституцияны, Конституция-

нын жаңы редакциясын, же ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толук- тоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.

6. Кабыл алынган Конституцияга, Конституциянын жаңы редакциясына

же ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюуга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-97)
