# 9-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 9-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-9

---

1. Кыргыз Республикасы экспансия, басып алуучулук максаттарды жана

аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт, мамлекет- тик турмушту милитаризациялаштырууну, мамлекетти жана анын ишин согуш жүргүзүү максатына баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат.

2. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен

байланышкан башка мамлекеттерге түздөн-түз кол салынган учурларды кош- погондо согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Курал- дуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан сыртка жиберүүнүн ар бир учуруна Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен ашыгынын добушу менен кабыл алынган чечими боюнча уруксат бе- рилет.

3. Мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республи-

касынын Куралдуу Күчтөрүн пайдаланууга тыюу салынат.

4. Кыргыз Республикасы жалпыга бирдей жана адилет тынчтыкка, өз

ара пайдалуу кызматташууга, дүйнөлүк жана жергиликтүү проблемаларды тынчтык жолу менен чечүүгө умтулат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-10)
