# 88-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 88-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-88

---

1. Териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйна-

лышта жүргүзүүгө мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.

2. Мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди сот-

тордо тыштан кароого жол берилбейт.

3. Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугу-

нун негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тара-

бынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын

ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка сот актыларына даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзамда аныкталат.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-89)
