# 85-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 85-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-85

---

1. Конституциялык сот Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин

жогорку органы болуп саналат.

2. Конституциялык сот Конституциялык соттун тогуз судьясынан ту-

рат.

3. Конституциялык сот:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республи-

касынын Конституциясына карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат;

2) Конституциянын ченемдерин расмий чечмелейт;

3) Президентти шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө корутунду чы-

гарат;

4) Президентти кызматынан четтетүүгө корутунду берет;

5) ушул Конституциянын 98-беренесинин 3-пунктунун жоболоруна ылай-

ык ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата корутунду берет.

4. Конституциялык соттун чечими акыркы чечим болуп саналат жана

даттанууга жатпайт. Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп табылышы алардын Кыргыз Республикасынын айма- гында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушун да жокко чыгарат. Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негиз- делген сот актылары, укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир өзүнчө учурда сот тарабынан кайра каралат.

5. Конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам

менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-86)
