# 84-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 84-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-84

---

1. Бардык соттордун судьялары кызмат орундарын өз ыйгарым укукта-

рын жүрүм-туруму кынтыксыз болгон учурда ээлешет жана сактап калат.

2. Конституциялык соттун судьясы, Жогорку соттун судьясы Прези-

денттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын ке- минде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кыз- мат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

3. Судья каза болгондо, өлдү же дайынсыз жок болду деп жарыялан-

ганда, аракетке жөндөмсүз деп таанылганда; жарандыгын жоготкондо, андан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда судьянын ыйга- рым укуктары конституциялык мыйзамга ылайык негиздер келип чыккан күндөн тартып аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан токтотулат.

4. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкер-

лерди тандап алуу, аларды дайындоого жана которууга (ротациялоого), су- нуштоо, кызматынан четтетүү жана бошотуу Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кеңеш тарабынан конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жү- зөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын сот тартибинде салынган жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга сот ади- леттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин макулдугу менен жол берилет.

5. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кеңеш бийликтин мыйзам чы-

гаруучу, аткаруучу, сот бутактарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдө- рүнүн ичинен түзүлөт.

6. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кеңешти уюштуруу жана анын

иши, анын ыйгарым укуктары мыйзамда аныкталат.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-85)
