# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 8-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-8

---

1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү ка-

тары таанылышы мүмкүн эмес.

2. Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк таанылат.

3. Кыргыз Республикасында саясий партиялар, кесиптик бирликтер жа-

на башка коомдук бирикмелер түзүлүшү мүмкүн, мамлекет алардын укуктары- нын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын камсыз кылат.

4. Саясий партиялар мамлекеттик иштерге ушул Конституцияда жана

мыйзамдарда каралган формаларда гана катыша алат.

5. Кыргыз Республикасында:

мамлекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө, ошондой эле мамлекет иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ий- дирүүгө; мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдарды түзүүгө жана алардын иштешине; эгерде мындай иштер кызматтык ишинен башка учур- ларда жүргүзүлсө, мамлекеттик кызматкерлердин партиялык иштерди жүргү- зүүсүнө; аскер кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын жана сот органда- рынын партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияны кол- доп чыгышына; диний негиздеги саясий партияларды түзүүгө, диний уюмдардын саясий максаттарды жана милдеттерди көздөшүнө; диний уюмдардын жана дин кызматындагылардын мамлекеттик органдар- дын ишине кийлигишүүсүнө; саясий максаттарды көздөгөн чет өлкөлүк саясий партиялардын, коом- дук жана диний уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарынын иш- тешине жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-9)
