# 74-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 74-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-74

---

1. Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин, Жогорку Кеңеш-

тин ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өк- мөт токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, ошондой эле алардын аткарылы- шын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат.

2. Өкмөттүн токтомдору менен буйруктары Кыргыз Республикасынын

бүткүл аймагында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

3. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администра-

циялык ведомстволордун, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин түзүмүнө кирбеген аткаруу бийлигинин, аткаруу бийлигинин башка органда- рынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялык органдардын ишине жетекчилик кылат.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ве-

домстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары өз кызмат укуктарынын чегинде, Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдору менен буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу максатында буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат.

5. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администра-

циялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчи- леринин, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчы- ларынын отчетторун угат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары- на карама-каршы келген актыларын жокко чыгарат.

Экинчи бөлүм Жергиликтүү мамлекеттик администрация

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-75)
