# 73-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 73-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-73

---

1. Өкмөт ушул Конституцияда жана мыйзамдарда Президенттин жана Жо-

горку Кеңештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан башка мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.

2. Өкмөт:

1) Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин ченемдик-укуктук

актыларынын, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышын, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын ишке ашырылышын камсыз кылат;

2) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз

кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ча- раларды жүзөгө ашырат;

3) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү

камсыз кылат;

4) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуш-

тайт жана анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин атка- рылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет;

5) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекет-

тик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктү-

рүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун

бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;

8) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык

түзүлүштү сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук жана коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

9) тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү уюштурат жана камсыз кы-

лат;

10) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;

11) Конституция жана мыйзамдар, Президенттин жарлыктары менен өзү-

нө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

3. Өкмөттүн ишин анын Аппараты камсыз кылат, аларды уюштуруу жана

иштөө тартиби конституциялык мыйзамда аныкталат.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-74)
