# 72-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 72-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-72

---

1. Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү кызматынан ке-

түү жөнүндө сураныч кылууга акылуу, ал Президент тарабынан кабыл алынат жана четке кагылат.

2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн жана

администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органда- рынын жетекчилеринин кызматтан кетишине алып келет. Өкмөттүн кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн бүткүл курамынын жана администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка ор- гандарынын жетекчилеринин кызматтан кетишине алып келет.

3. Өкмөт түзүлгөнгө жана администрациялык ведомстволордун жана ат-

каруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери дайындалганга чейин Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин жана башка органдарынын жетекчилери өзүнүн милдетте- рин аткарууну улантат.

4. Премьер-министр, Өкмөт кызматтан кеткен учурда Өкмөт ушул Конс-

титуциянын 69-70-беренелеринде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлүү- гө тийиш. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 50 пайыздан ашыгын алган саясий партиянын депутаттары үчүн, ал эми ан- дай партия жок болгондо ушул Конституциянын 70-беренесинде каралган башка саясый партиядан депутаттар үчүн Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындоого талапкерди Президентке киргизүү үчүн эсептөө мөөнөтү Прези- дент тарабынан Премьер-министрдин же Өкмөттүн кызматтан кетиши кабыл алган күндөн тартып башталат.

5. Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же кызмат ордунан бошотулган

учурда Премьер-министр беш жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизет.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-73)
