# 71-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 71-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-71

---

1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Прези-

денттин жана Жогорку Кеңештин алдында жооптуу болот жана отчет берип турат. Президент Өкмөттүн жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө, мамлекеттин ич- ки жана тышкы саясатынын негизги багыттарына жетишүү боюнча алардын ал- дына максаттарды жана милдеттерди коюуга акылуу.

2. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кеңешке

отчет берип турат.

3. Жогорку Кеңеш Премьер-министрдин жылдык отчетун кароонун жыйын-

тыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.

4. Өкмөткө, Өкмөттүн жеке мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ка- был алынат.

5. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Жогорку Кеңеш тарабынан

Президентти кезектеги шайлоого чейин алты ай калганда каралышы мүмкүн эмес.

6. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн кыз-

маттан кетиши жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечимине макулдук бербөөгө акылуу.

7. Жогорку Кеңеш үч айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө

чечимди кайталап кабыл алган учурда, Президент Өкмөттү кызматтан кети- рет же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда белгилейт.

8. Жогорку Кеңеш Өкмөттүн айрым бир мүчөсүнө ишеним көрсөтпөгөн

учурунда Президент Өкмөт мүчөсүнүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алууга же Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу. Эгерде Жогорку Кеңеш алты айдын ичинде Өкмөт мүчөсүнө ишеним көр- сөтпөө жөнүндө чечимди кайталап кабыл алса, Президент Өкмөт мүчөсүн от- ставкага кетирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-72)
