# 69-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 69-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-69

---

1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 50дөн ашуун пайы-

зын алган саясий партия Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизет. Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жаңы чакырылыштагы Жо- горку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен киргизилет. Президент сунуш берилген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындайт.

2. Дайындалган Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүн жана Өкмөт мүчөлө-

рүнүн кызмат орундарына талапкерлерди аныктайт. Премьер-министр өзү дайындалган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн түзүмүн Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет. Коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлеген Өкмөт мүчөлөрүнөн башка Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлер Өк- мөттүн түзүмү бекитилген күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде Прези- дентке киргизилет. Президент талапкерлер сунушталган күндөн тартып үч күндөн кечик- тирбестен Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-70)
