# 66-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 66-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-66

---

1. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам бир айдын ичинде Президентке

кол коюуга жиберилет.

2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен

ага кол коет же аны өзүнүн каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайрадан кароого кайтарып берет.

3. Президент тарабынан кайра кайтарылган мыйзамдар Жогорку Кеңеш

тарабынан үч айдан кийин каралууга жатат. Эгерде Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макул болсо бул эреже кол- донулбайт.

4. Эгерде мыйзам кайталап каралганда добуштардын кем эмес көпчүлүк

добуш менен үчтөн экисинен мурда кабыл алынган редакциясында жактырыл- са, ал эми ушул Конституциянын 65-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кем эмес төрттөн үчүнөн көпчүлүк добуш менен жактырылса, анда мындай мыйзамга Президент келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде кол коюуга тийиш. Мурда кабыл алынган редакцияда жактырылган мыйзамга белгиленген мөөнөттө кол коюлбаса, мындай мыйзам кол коюлду деп эсептелинет жана жарыяланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-67)
