# 61-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 61-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-61

---

1. Жогорку Кеңеш өз депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой

эле убактылуу комиссияларды, алардын курамын түзөт.

2. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары-

на таандык болгон маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечим- дерди турмушка ашырууга контролдук кылат.

3. Мыйзамдар жана Жогорку Кеңештин ченемдик укук актылары Жогорку

Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.

4. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынган кызмат

адамдарын дайындоо жана шайлоо, мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо- го жана кызматтан бошотууга макулдук берүү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин корутундусу болгон учурда жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-62)
