# 60-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 60-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-60

---

1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын

орунбасарларын шайлайт.

2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоо-

го жалпы жетекчилик кылат;

3) Жогорку Кеңеш кабыл алган актыларга кол коет;

4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкаркы жерлерде Жогорку Ке-

ңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Өкмөт, мамлекеттик бийликтин аткаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен өзара байланышын камсыз кылат;

5) Жогорку Кеңештин Аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашы-

рат жана контролдук кылат;

6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча Жогорку Кеңештин Регла-

ментинде ага жүктөлгөн дагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

3. Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы

санынын көпчүлүк добушу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Төрага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добуш менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

4. Жогорку Кеңештин Төрагасынын орунбасарлары жашыруун добуш берүү

менен шайланат, Төраганын тапшырмасы боюнча анын айрым милдеттерин ат- карат жана Төрага жок учурда аны алмаштырат. Жогорку Кеңештин Төрагасы- нын орунбасарлары Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган тартипте кай- ра чакыртып алынат.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-61)
