# 56-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 56-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-56

---

1. Жогорку Кеңештин депутаты колтийбестик укугуна ээ. Ал депутат-

тык ишине байланыштуу айткандары же Жогорку Кеңеште добуш берүүнүн на- тыйжасы үчүн куугунтуктоого алынбайт. Депутат кылмыш үстүнөн тутулган- дан башка учурларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши же жекече текшерилиши мүмкүн эмес. Оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандан тышкары учурларда депутатты жазык жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде администрациялык жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештин макулдугу ме- нен гана жол берилет.

2. Жогорку Кеңештин депутаты бир эле убакта башка мамлекеттик же

муниципалдык кызматта боло албайт, ишкердик иш менен алектениши, ком- мерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес. Эгерде илимий, педагогикалык жана башка чыгармачыл иш Жогорку Ке- ңештин депутатына депутаттык милдеттерди аткаруусуна залакасын тийгиз- бесе, ал мындай ишти аткара алат.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-57)
