# 51-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 51-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-51

---

1. Президент мамлекеттик чыккынчылык же башка өзгөчө оор кылмыш

жасагандыгы үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган Президенттин аракетте- ринде кылмыштын белгиси бар экендиги жөнүндө Башкы прокуратуранын кору- тундусу жана айып коюуунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун корутундусу менен ырасталган күнөөнүн негизинде гана кызматынан четтетилиши мүмкүн.

2. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүн-

дө Жогорку Кеңештин чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы саны- нын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча депутаттардын кеминде үчтөн экисинин добушу менен жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо кабыл алынууга тийиш.

3. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими

Жогорку Кеңеш күнөө койгон күндөн тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирил- бестен Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш. Эгерде ушул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, күнөө коюу четке кагылды деп эсептелинет.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-52)
