# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 4-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-4

---

1. Кыргыз Республикасында менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципал-

дык жана башка түрлөрү таанылат жана корголот. Кыргыз Республикасы менчиктин ар кандай түрлөрүн жана алардын тең укукта корголушун кепилдикке алат.

2. Менчик колтийгис. Эч ким өз мүлкүнөн жөндөн-жөн ажыратылбайт,

менчик ээсинин эркинен тышкары аны алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.

3. Мыйзамда каралган өзгөчө учурларда мамлекеттин муктаждыктары

үчүн мүлк анын ордун алдын ала жана ага тете толтуруу жүргүзүлгөн шарт- та гана ажыратылышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасы өз жарандарынын жана юридикалык жактарынын

мүлккө болгон менчик укугун, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында турган алардын жана өз менчигин коргойт.

5. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору,

өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жа- шоо-тиричилигинин жана иш аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат. Жер жана башка жаратылыш ресурстары да менчиктин жеке, муниципал- дык жана башка түрлөрүндө болушу мүмкүн. Жер жана жаратылыш ресурстарынын ээлеринин өз укуктарын ишке ашы- руунун жана аларды коргоо кепилдигинин чектери жана тартиби мыйзам ме- нен аныкталат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-5)
