# 28-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 28-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-28

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары эмгектенүү эркиндигине, эмге-

гине өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн пайдаланууга, кесипти жана иштин түрлө- рүн тандап алууга, эмгекти коргоо жана коопсуздук жана гигиена талапта- рына жооп берген эмгек шартына укуктуу, ошондой эле эмгеги үчүн акы тө- лөө жана мыйзамда белгиленген эң төмөнкү турмуш деңгээлинен кем эмес социалдык коргоо укугуна ээ болушат.

2. Мамлекет жарандарды кесиптик чеберчиликке даярдоого жана аны

жогорулатууга кам көрөт, эмгекке болгон укугун чыңдоо жана бекемдөө максатын көздөгөн эларалык уюмдарга көмөк көрсөтөт.

3. Согуш маалын, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу учурларын,

эпидемия же башка өзгөчө кырдаалдарды, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жаза өтөөдөн башка учурларды кошпогондо, балдардын эмгегинен пайдала- нууга, ошондой эле эрезеге адамдарды эмгекке мажбурлап тартууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-29)
