# 21-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 21-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-21

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары биригүү эркиндигине укуктуу.

2. Жарандардын бирикмелерине аскерлешкен түзүлүштөрдү түзүүгө тыюу

салынат.

3. Кыргыз Республикасынын жарандары, алардын бирикмелери ушул Кон-

ституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынгандан жана чектөө коюлгандан башка бардык аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө укуктуу.

4. Жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоо, бул жагындагы

укук бузууларды болтурбоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү мамлекеттин, анын бардык органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башка- руу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдети.

5. Кыргыз Республикасы өзүнүн жарандарынын ушул Конституция жана

мыйзамдар менен белгиленген бардык эркиндиктерин жана укуктарын сот ар- кылуу корголушуна кепилдик берет.

6. Жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө мыйзамдар бардык

жарандарга бирдей колдонулууга жана ушул Конституцияда жана жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча мыйзамдарда каралган учурларды кошпогон- до, алардын бирине да эч кандай артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди бер- бөөгө тийиш.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-22)
