# 20-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 20-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-20

---

1. Адамдын Кыргыз Республикасына таандык экендиги жана анын стату-

су жарандыгы аркылуу аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын жараны өзүнүн жарандуулугуна байланыштуу

укуктарга ээ жана милдеттерди мойнуна алат.

3. Кыргыз Республикасынын бир да жараны өзүнүн жарандыгынан жана

өзүнүн жарандуулугун өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген адамдардын Кыргыз Республикасы- нын мыйзамдарына жана эларалык макулдашууларына ылайык башка мамлекет- тин жарандыгына таандык экендиги таанылат.

4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка

мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Респуб- ликасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарттары мыйзамда белгиле- нет.

5. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен тышкары чы-

гарылып салынышы же башка мамлекетке берилиши мүмкүн эмес.

6. Кыргыз Республикасы өзүнүн чегинен тышкары жактарда өз жаранда-

рынын корголушуна жана калкаланышына кепилдик берет.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-21)
