# 16-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 16-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-16

---

1. Кыргыз Республикасында адам эркиндиктери менен укуктарына кара-

ма-каршы келбеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.

2. Үйбүлө коомдун башаты; үйбүлө, ата болуу, эне болуу, балалык -

бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу кор- голот; балдарга камкордук көрүү, аларды тарбиялоо - ата-энелердин таби- гый укугу жана жарандык милдети. Эрезеге жеткен эмгекке жөндөмдүү бал- дар ата-энесине камкордук көрүүгө милдеттүү.

3. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыра-

ган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

4. Улууларды урматтоо, бир туугандарына жана жакындарына камкордук

көрүү - Кыргызстан элдеринин ыйык милдети.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-17)
